Учурдагы Бош жумуш орундары

Каржы-экономика жана эсеп боюнча башкы адис

Таш-Дөбө , Кыргызстан

Мекеменин каржылык агымдарын, эсеп-кысап иштерин жана экономикалык анализди жүргүзгөн, каржылык саясатты ишке ашырууну камсыз кылган адис .

Чыгашалар жана инвестиция тартуу боюнча жетектөөчү адис

Таш-Дөбө , Кыргызстан

Мекеменин чыгаша бөлүгүн пландаштыруу жана көзөмөлдөө менен катар, кошумча инвестицияларды тартуу, каржылык булактарды изилдөө жана долбоорлорду ишке ашырууга багытталган иштерди координациялаган адис.

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылынын Школьная көчөсү 32 дарегинде жайгашкан мекеме башкы, улук жана кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарынын кадрлар резервине кирүү үчүн ачык сынак жарыялайт.

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтү башкы, улук жана кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарынын кадрлар резервине кирүү үчүн ачык сынак жарыялайт.

Муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына коюлуучу жалпы квалификациялык талаптар:

  • Кыргыз Республикасынын жараны
  • соттуулулугу жок
  • 18 жаштан жогору
  • квалификациялык талаптарга ылайык

Ченемдик укуктук базаны билүүсү

Башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси, Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” Мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03. 03. 2022-жылдагы №120 токтому менен бекитилген “ Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”

Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн

– Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси, Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” Мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2022-жылдагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө”

Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн

– Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03. 2022-жылдагы №120 токтому менен бекитилген “ Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө”

Башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына төмөнкү квалификациялык талаптар

  1. Аппарат жетекчи (Б-Б-1 бирдик)
  1. кесиптик билим деңгээли : жогорку билим

  2. иш стажы жана тажрыйбасы: мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес;

Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына төмөнкү квалификациялык талаптар (У-А-3 бирдик, У-Б-5 бирдик)

  1. Жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү” бөлүмүнүн башчысы
  2. Социалдык өнүктүрүү жана коммуналдык чарба” бөлүмүнүн башчысы
  3. Уюштуруу иштери жана кадр маселелери” секторунун башчысы
  4. Кирешелер боюнча башкы адиси
  5. Инвестиция тартуу жана сатып алууларды уюштуруу боюнча башкы адиси
  6. Юридика маселелери боюнча башкы адиси
  7. Социалдык маселелер боюнча башкы адиси
  8. Саламаттыкты сактоо, билим берүү, дене тарбия ж-а спорт боюнча башкы адиси
  1. кесиптик билим деңгээли : жогорку билим

2) иш стажы жана тажрыйбасы: мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына төмөнкү квалификациялык талаптар (К-А-4 бирдик, К-Б-3 бирдик)

  1. Материалдык баалуулуктар жана эсептөө боюнча жетектөөчү адиси
  2. Экономист-статист жетектөөчү адиси
  3. Санариптештирүү , IT технология жана ВЕБ-сайттар боюнча жетектөөчү адиси
  4. Жер ресурстары жана турак жай маселелери боюнча жетектөөчү адиси
  5. Кирешелер боюнча адиси
  6. Социалдык маселелер боюнча адиси
  7. Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча адиси

1) кесиптик билимдин деңгээли: жогорку билим же атайы орто кесиптик билим

2) иш стажы жана тажрыйбасы: иш стажына талап коюлбайт.

СЫНАККА КАТЫШУУ ҮЧҮН ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ДОКУМЕНТТЕР:

. Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына муниципалдык кызматтын тобун көрсөтүү менен жазылган жеке арыз;

. Резюме (электрондук почта жана телефон номерин көрсөтүү менен);

. Өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

. Нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүргөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөсү;

. Нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

. Паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт);

Документтерди кабыл алуу жарыя “ММ кызмат” гезитине чыккан күндөн баштап, он (10) календардык күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат.

Дареги: Чүй облусу, Аламудун району, Таш-Дөбө айылы, Школьная көчөсү 32.

Байланыш телефондору: 03736 5 00 53, 0778 04 84 08, 0995 15 55 08

Биздин командага кошулуңуз!

Сиз дагы биздин командабыздын бир бөлүгү болгуңуз келеби? Базар-Коргон мэриясында сизди кызыктуу мүмкүнчүлүктөр күтүп турат. Азыр кайрылып, карьераңызды жаңы деңгээлге көтөрүңүз!

Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кобинети
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети

Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы

Skip to content