Арашан айыл окмотунун Таш-Дөбө айылынын маданият үйүндө шахмат боюнча турнир болуп өттү. Ага окуучулар катышып, мактоо баракача, медаль, кубоктор тапшырылды! Шахмат боюнча турнирдин тренери: Рахматулин Бакыт. Таш-Дөбө айылынын тургуну Кыргыз, Казак Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, көптөгөн сыйлыктардын ээси Аскар Бейшекеевдин сүрөттөрү, маданият үйүнө илинип, балдар арасында эркин темадагы сүрөт тартуу иштери өттү.